Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы

2023-жылдын 18-августу № 6

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 22-июнундагы № 207 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкердикти колдоо максатында, жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инвестиция тартуу, кошумча жумушчу орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундары жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү маселесин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” № 3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине жана 15- беренесинин 8-2 бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобону” бекитүү тууралуу токтомуна, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 2021-жылдын 09-февралындагы кезектеги 40-сессиясынын № 5-токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкерлерге колдоо көрсөтүү, айыл аймактын  социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө инвестиция тартуу, кошумча жумушчу иш орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундары жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун   берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык (аукцион, конкурс, жана башка талаптар), Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 22-июнундагы № 207 сандуу катына негиз, көп жыл бою өнөр-жай багытында, курулуш материалдарын (песко блок) иштеп чыгаруу менен алектенип келе жаткан Дөң-Кыштак айылынын тургуну жеке ишкер А.Хажимаматовдун, Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлөмүндөгү муниципалдык менчик эсебиндеги кайрак, айыл-чарбасына пайдаланууга ыңгайсыз болгон 0.10 га жер аянтына, өнөр-жай, курулуш материалдарын (песко блок) иштеп чыгаруу цехти куруу үчүн жазган арызы канааттандырылсын. Жогорудагы муниципалдык менчикте турган жер аянтына: өнөр-жай, курулуш материалдарын (песко блок) иштеп чыгаруучу цех куруу багыты боюнча пайдалануу милдеттендирилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                                К. Сатторов