ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 9
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылында уюштурулган “Нур-Бөбөк” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 18-августундагы № 01-19/723 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, Катта-Тал айылында жайгашкан “Нур-Бөбөк” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылында эмгектенип келе жаткан “Нур-Бөбөк” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2.“Нур-Бөбөк” мектепке чейинки билим берүү мекемесине ачылган кошумча тайпа боюнча бюджет эсебинен айлык эмгек акылары, тиешелүү өзгөртүлөр, толуктоолор киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |