Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы

2023-жылдын 18-августу № 11

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн   жер адисинин 2023-жылдын 12-августундагы билдирүсүүнө негиз, Жандама айылынын тургуну Эргашов Райимжон Акрамовичке тиешелүү 1921.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин  ичинен 154.0 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисинин 2023-жылдын 12-августундагы билдирүү катында, Жандама айылынын тургуну Эргашов Райимжон Акрамовичтин жеке менчигиндеги  154.0 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-августундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьяларына жанаКыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жандама айылынын тургуну Эргашов Райимжон Акрамовичке тиешелүү 1921.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин  ичинен 154.0 чарчы метр жер аянттын багытын, коммерциялык багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов