ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 12
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын, Зарибдар бөлүмүндөгү жаңы көчөгө наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын Зарибдар бөлүмүндөгү жаңы көчөгө наам ыйгаруу боюнча айыл тургундарынын 2023-жылдын 27-июлундагы чогулушунун протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын Зарибдар бөлүмүндөгү Ахмаджан ата көчөсүнүн жогорку жагындагы жаңы көчөнүн аталышына, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон маркум Маткаримов Мирзохиддин наамы ыйгарылсын.
2.Аталган көчөөнү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |