ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 13
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Тейит айылынын, Күнгөй көчөсүнө “Каныбек Исаков” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Тейит айылынын, Күнгөй көчөсүнө Каныбек Исаков наамын ыйгаруу боюнча айыл тургундарынын 2023-жылдын 09-августундагы чогулушунун протоколун карап чыгып жана талкуулап, көчөлөргө наам ыйгаруу максатында, жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Тейит айылынын, Күнгөй көчөсүн аталышына эл арасында кадыр-баркка ээ болгон, Кыргыз мамлекеттиндеги коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, агартуучу реформатор, адабиятчы, педагог илимпоз, Чыңгыз Айтматов атындагы академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын мурдагы билим берүү жана илим министри, билим берүү жана илим министрлигинин эмгек сиңирген ишмери маркум Каныбек Исаковдун наамы ыйгарылсын.
2.Аталган көчөөнү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |