ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 14
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Мончок-Дөбө айылынын Кыр көчө бөлүмүндөгү жаңы көчөгө “Марип ата Эрматов” тун наамын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Кыр көчө бөлүмүндөгү жаңы көчөгө “Марип ата Эрматов” наамын ыйгаруу боюнча айыл тургундарынын 2023-жылдын 11-августундагы чогулушунун № 1- протоколун карап чыгып жана талкуулап, көчөлөргө наам ыйгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Кыр көчө бөлүмүндөгү жаңы көчөнүн аталышына, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон маркум эмгек ардагери “Марип ата Эрматов” наамы ыйгарылсын.
2.Аталган көчөөнү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |