Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 1

Жергиликтүү маанидеги маселени аткаруу боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүлгөн иштердин, милдеттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 2 жана 3-бөлүмүндөгү, 27 жана 34-беренелерине ылайык, “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 261 буйругунун жетекчиликке жана  аткарууга алуу, айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн Типтүү тартибин бекитүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 1-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму                                                   

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн Типтүү тартиби № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов

 Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин  (жетинчи чакырылышы) 2023-жылдын 05-июнундагы № 1Токтомуна

Тиркеме

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө Жергиликтүү маанидеги маселелерди   башкаруунун Типтүү тартиби

§1. Жалпы жоболор жана терминдер

1.Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарунун бул типтүү тартиби (мындан ары – Типтүү тартип) Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча Жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу “Жергликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27.34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.

2.Типтүү тартип Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө өзүнүн компетенциясынын чегинде Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.

1.Бул Типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:

Жергиликтүү маанидеги маселелер – Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын тузден-туз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;

Компетенция – мамлекеттик органдын же Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы;

Көзөмөл – ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөкүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;

Мониторинг жана баалоо- башкаруу субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси;

Милдеттенме- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүлүүчү  жумуштар, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык- техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;

Уюштуруу- Жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;

Ыйгарым укук- мамлекеттик бийлик органдарынын же Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган укугу;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы- бул уюмдардын, ишканалардын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук,уюштуруучулук-техникалык,уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу, контролдоо), Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;