Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 7

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын 23-майындагы № 165 сандуу катынын негизинде, Жандама айылынын тургуну Мирмахмудов Абдулхаким Такдираливичке тиешелүү 990.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин  ичинен 66.0 чарчы метр жер аянттынын багытын өзгөртүү жөнүндө 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 23-майындагы № 165 сандуу катында, Жандама айылынын тургуну Мирмахмудов Абдулхаким Такдиралиевичке жеке менчигиндеги  66.0 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жандама айылынын тургуну Мирмахмудов Абдулхаким Такдиралиевичке тиешелүү 990.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин  ичинен 66.0 чарчы метр жер аянтынын багытын, өнөр-жай кичүү ишканасынын багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов