Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 10

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Кызыл-Тейит” айылынын Күнгөй бөлүмүндөгү мурдагы музоокана комплексинин үстүндө жайгашкан жайыт жерден гипс казып иштетүү үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше булактарына кошумча акча каражатын түшүрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” № 3-Жарлыгы, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна жана Кызыл-Тейит айылынын тургундарынын 2023-жылдын 23-майындагы № 1 Протоколуна негиз, айылдык кеңешинин 17-сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, “Тайлак Ата” жоопкерчилиги чектелген коомуна Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылынын Күнгөй бөлүмүндөгү мурдагы музоокана комплексинин үстүндө жайгашкан жайыт жерден гипс казып иштетүү үчүн (№ 7088 ТЕ сандуу Лицензиясы)  жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси,Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майынагы  № 49 сандуу “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын 2-бөлүмүндөгү, 7-беренесинин, 1 жана 3 бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 5-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Тайлак Ата” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тейит айылынын Күнгөй бөлүмүндөгү мурдагы музоокана комплексинин үстүндө жайгашкан жайыт жерден гипс казып иштетүү үчүн (№ 7088 ТЕ сандуу Лицензиясы)  1.20 га жер аянтын убактылуу ижара келишиминин негизинде пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 31-майындагы № 194 сандуу каты канааттандырылсын.

2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 1.20 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майынагы  № 49 сандуу “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары” жөнүндөгү токтомдорунун негизинде аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,  экология жана жаратылышты  коргоо” боюнча комиссиясынын төрагасы  Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов