Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Байтик айылдык кеңешинин 33 отуруму

28-созыв

2023-жылдын 6-апрели № 20-п

« ТӨМ боюнча долбоорду бекитүү жөнүндө»

Депутат Жумагулов Адилет Мурадиловичтин маалыматын угуп, талкуулап, айыл аймагынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү жана чечүү көйгөйлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн апрель айындагы токтомунун негизинде 2015-жылдын 21-ноябрындагы №230 “Үлүштүк гранттар аркылуу долбоорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамаларды бекитүү тууралуу” Байтик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылга ТӨМ долбооруна катышуу үчүн долбоорлорду бекитүү жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө уруксат берүү;

2.            Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен дем берүүчү гранттарга долбоордук табыштамалардын сынагына катышуу үчүн документтерди даярдап жөнөтсүн жана бюджетти түзүүдө эске алсын;

3.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдразаковго тапшырылсын.

 

Төрөайым

 

Д.Б. Шаршембаева