Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 12

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын  02-июнундагы № 191 сандуу катына негиз        

Жаңы-Ноокат айыл аймагында айыл тургундарынын саламаттыгын  сактоо, ден соолугун коргоо  жана чыңдоо, саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык,  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жандама айылынын тургуну Турсуналиев Абдулатифтин арызы боюнча, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарынын ден-соолугун коргоо жана чыңдоо, саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында: Медигос борбордук үй-бөлөлүк дарыгерлер борборунун, Жаңы-Ноокат айылындагы № 12, № 13 УДТ нын борбордук административдик имаратынын кире беришинин оң жагындагы жериден, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк түрүндөгү убактылуу ижара келишиминин негизинде, имаратка жабыштырып УЗИ кабинетин курууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-июнундагы № 191 сандуу каты канааттандырылсын.

2.Жогорудагы санариптик УЗИ кабинетин курууга суралган жер аянтын берүү тартиби, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары” жөнүндөгү токтомдорунун негизинде аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Саламаттык Сактоо министрлигинин жооболорунун негизинде, тийиштүү керектелүүчү уруксаат кагаздарын алуу, иш-кагаздарды мыйзам чегинде даярдоо, төлөнүүчүү бардык мамлекеттик төлөмдөрдү мыйзам негизинде өз убагында төлөп баруу жагы А.Турсуналиевке милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Жамоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов