Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 14

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Тескей айылынын тургуну Карабалаев Аблабердинин жеке менчигидеги турак-жайында, муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин уюштуруу жөнүндө

          Жаңы-Ноокат айыл аймагынын, Тескей айылынын тургундарынын демилгеси менен айыл тургуну Карабалаев Аблабердинин жеке менчигиндеги турак-жайында, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин уюштуруу жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык,  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, Тескей айылынын тургуну Карабалаев Аблабердинин жеке менчигиндеги турак-жайында муниципалдык менчик эсебиндеги, мектепке чейинки билим берүү мекемеси уюштурууга макулдук берилсин.

2.Жеке менчигдеги турак-жайдын максаттык багытын мектепке чейинки билим берүү мекемеси багытына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жана сметалык иш- кагаздарын , тийиштүү бардык органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча жана  “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                                 К. Сатторов