ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы
2023-жылдын 5-июну № 15
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Мончок-Дөбө айылынын, Водокачка бөлүмүндөгү жаңы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Мончок-Дөбө айылынын Водокачка бөлүмүндөгү жаңы көчөлөргө наам ыйгаруу боюнча айыл тургундарынын 2023-жылдын 12-майындагы чогулушунун протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Мончок-Дөбө айылынын Водокачка бөлүмүндөгү жаңы көчөлөргө, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон төмөнкү маркум ата-агаларыбыздын наамдары ыйгарылсын:
Мирзаев Алижан ажы - 1-көчөгө,
Ахмаджонов Акрамжан - 2-көчөгө,
Эргашов Косимжон - 3-көчөгө,
Холиков Абдилхамид ата - 4-көчөгө ,
Зулпухоров Мамирали ажы - 5-көчөгө.
2.Аталган көчөлөрдү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |