Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 16

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө  караштуу "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына таштандыларды таштоо үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына таштанды таштоо үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2-бөлүмүндөгү, 18-беренесине негиз жанаКыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 11-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын  отуруму

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына, Күнгөй-Хасана айылынын Аулгаз участкасынан,  жайыт жер эсебиндеги 2.0 га жер аянтын таштанды полигону үчүн ажыратуу максатында, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан    өнөр-жай,  транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 29-майындагы № 173 сандуу каты канааттандырылсын.

2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 2.0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан    өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөп Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,  экология жана жаратылышты  коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов