Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 23

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 2023-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимитине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы имараттарына жана жаңы ачылган мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги, электр энергиясынан пайдалануу лимитине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү  жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-мааракелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, электр энергиясынан пайдалануусун көзөмөлдөө жана үнүмдөө максатында, 2023-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимитине 542 миң квт өлчөмүндө № 1 Тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө макулдук берилсин.

2.Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине: 2023-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимитинин негизинде  иш алып баруу тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов

      

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектен сырткаркы № 17-сессиясынын № 23 токтомуна № 1-Тиркеме

 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы имараттарына жана жаңы ачылган мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2023-жылга карата  электр энергиясы боюнча кошумча лимитинин тизмеси

 

№

 

Билим берүү мекемелеринин аталышы

            

       миң киловатт

 

1

Н.Найманбоев орто мектебинин жаны имараттына

             75 000.0

2

М.Мирзакаримов орто мектебинин жаңы имараттына

             92 000.0

3

Жандама мектепке чейинки билим берүү мекемеси

           104 000.0

4

Чабалекей мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имараттына

             66 000.0

5

Темир-Корук орто мектебинин жаны имараттына      

           126 000.0

6

Апаке мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имараттына 

             79 000.0

 

Бардыгы:                                                                                       

           542 000.0