ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 10-февралы № 32
“ОшТВ” телеканалын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-
беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 17-ноябрындагы “ОшТВ” телеканалын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алуу маселесин Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизүү жөнүндө №08-6/1726 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, м\лк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-декабрындагы №11 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. ”ОшТВ” телеканалын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Шахназар) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |