Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин IV - чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы

 

2024-жылдын 22-январы № 69

Айдаркен шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

Айдаркен шаардык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгѳн иш планы менен таанышып жана талкуулап чыгып, Айдаркен  шаардык  кеңеши 30-сессиянын протоколунун негизинде  

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

  1. Айдаркен шаардык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгѳн иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
  3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областтык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

  

 Төрага:                                                                                 А.К.Кожомбердиев

 

 

 

 

 

Айдаркен шаардык кеңешинин         IV-чакырылышынын 30-сессиясынын        №69 Токтомуна №1 тиркеме (1 баракта)

 

Айдаркен шаардык кеңешинин 2024-жылга карата                     

Иш планЫ

№

к/н

Иш-чара

Аткаруу мөөнөтү

Аракеттер

Жооптуулар

1

Шаардык кеңештин 2024-жылга иш планын бекитүү

1-квартал

Иштеп чыгуу

Шаардык кеңеш

2

Шаардык кеңештин алдында тузүлгөн туруктуу комиссиялардын иш планын түзүү жана бекитүү

1-квартал

Иштеп чыгуу

Шаардык кеңеш

3

Шаардын 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү

1-квартал

Талкуу, чечим кабыл алуу

Шаардык кеңеш

4

Шаар мэринин 2023-жылдын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык абалы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылуусу боюнча отчётун угуу

1-квартал

Талкуу, чечим кабыл алуу

Шаардык кеңеш

5

Шаар тургундары менен жыйындарды өткөрүү, алардын маселелерин угуп, чечүүгө аракет көрүү

Жыл ичинде

Иш алып баруу

Шаардык кеңеш

6

Шаардын тазалыгын камсыз кылууда, шаарды көрктөндүрүүдө жана жашылдандырууда шаардык мэриянын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө

2-3-кварталдар

Көзөмөлгө алуу

Шаардык кеңеш

7

Шаар мэринин 2024-жылдын баштапкы 6 айынын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык абалы жана аткарган иштери боюнча отчётун угуу

3-квартал

Талкуу, чечим кабыл алуу

Шаардык кеңеш

8

2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу

3-4-кварталдар

Талкуу, чечим кабыл алуу

Шаардык кеңеш

9

Шаардык кеңештин депутаттарынын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн семинар, тренингтерге катышуу

Жыл ичинде

Иш алып баруу

Шаардык кеңеш

10

Коомдук тартипти сактоонун абалын жакшыртуу үчүн мэрия менен биргеликте аракеттерди көрүү

Жыл ичинде

Иш алып баруу

Шаардык кеңеш, шаардык мэрия

11

Шаардын бюджетине кошумча киреше булактарын изилдеп, карап чыгуу менен шаардык мэрияга сунуш берүү

Жыл ичинде

Иш алып баруу

Шаардык кеңеш

12

Шаарда өткөрүлө турган маданий массалык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышуу

Жыл ичинде

Катышуу

Шаардык кеңеш

13

Шаар аймагындагы мекеме ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып жана аларга көмөк көрсөтүү

Жыл ичинде

Иш алып баруу

Шаардык кеңеш

 

Жооптуу катчы:                                                А.Досболова