Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин IV - чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы

 

2024-жылдын 22-январы № 70

Айдаркен шаарынын көчөлөрүнө автоунаалардын ылдамдыгын

басаңдатуучу тосмо орнотуу жөнүндө

Айдаркен шаарынын Асаева көчөсүнүн жашоочуларынын жана шаардагы №20 О.Маканов атындагы орто мектептин жана №7 Айдаркен орто мектебинин окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаардык кеңештин депутаты Ж.Абдиманнабовдун сунушун талкуулап чыгып, Өзбекстан Республикасынын Сох анклавына Асаева көчөсү аркылуу өткөн транзиттик автоунаалардын жана мектептердин алдынан өткөн автоунаалардын чоң ылдамдыкта жүргөндүгүн эске алуу менен Айдаркен  шаардык  кеңеши 30-сессиянын протоколунун негизинде

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

  1. Айдаркен шаарынын Асаева көчөсүндө жашаган жашоочулардын жана шаардагы №20 О.Маканов атындагы орто мектебинин жана №7 Айдаркен орто мектебинин окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мыйзамга каршы келбесе автоунаалардын ылдамдыгын басаңдатуучу тосмо орнотууга уруксат берилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына кирген тиешелүү көчөлөргө автоунаалардын ылдамдыгын басаңдатуучу тосмо орнотуу жагы №46 Кадамжай жолдорду тейлѳѳ ишканасынан суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышы шаар мэри А.С.Мурзажановго милдеттендирилсин.
  4. Токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
  5. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областтык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

  Төрага:                                                                                 А.К.Кожомбердиев