СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXXI сессиясы
2024-жылдын 2-февралы № 149
Сүлүктү шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга жергиликтүү бюджетти жана 2025-2026–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө.
Сүлүктү шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү финансы башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибеков жана депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Ш. Миталиповдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолун (Кыргыз Республикасынын2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 106645,5 миң сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 90955,2 миң сом өлчөмүндө аныкталсын жана 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-жылга Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетине кирешелер боюнча 93171,6 миң сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 93171,6 миң сом жана 2025-2026-жылдарга болжолу 100627,1 жана 111465,1 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Сүлүктү шаарынын 2024-жылга бюджети 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигин толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку мамлекеттик органдардан суроо жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 “Баткен облусунун статусу” жөнүндөгү мыйзамын тийиштүү беренелерин аткарууга алуу жагы депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү аткаруу бийлигине жүктөлсүн.
4. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелерге (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар, өзгөчө кырдаал жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн.
5. Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн, 2024-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан 100,0 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №3).
2) Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди: (алтынды, мунайды, газды ) кошпогондо алардын иштетилген жери боюнча жайгашкан орду, боюнча шаардын тиешелүү жергиликтүү бюджетине – 50,0 пайыз өлчөмүндө (№3 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
3) Патенттин негизиндеги салыктан түшүүлөр, шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
4) Жер салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
5) Мүлк салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
6) Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү- кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетке 20 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
7) Жер казнасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-кендерди иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бюджетке 7 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
8) Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык- шаарлардын айыл аймактарынын жергиликтүү бюджетерине 100 пайыз өлөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
6. 2024-жылга Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана башка алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
7. Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджетке) алынууга жатпайт.
8. Бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100,0 пайызы Республикалык бюджеттин кирешесине алынат.
9. 2024-жылга шаардын бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
10. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдан калган, бош акча каражаттарын 2024-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде, депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу жана Сүлүктү шаардык мэриясынын буйрутмасынын негизинде каржылансын.
11. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын резервдик фонду 1 пайыз өлчөмүнөн аз эмес жана 2024-жылга резервдик фондунун суммасы 1100,0 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 200,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы, Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 8-январындагы №7-15/5 сандуу көрсөтмөсүнүн жана Баткен областтык кырсыктан сактоо башкармалыгынын 2009-жылдын 22-декабрындагы №424 катынын негизинде 2023-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо (өзгөчө кырдаал киргизилген учурда) 250,0 миң сом өлчөмүндө (№5 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
14. 2024-жылга Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо (атайын буйрук чыккан учурда) 250,0 миң сом өлчөмүндө (№6 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
15. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-август №266 мыйзамынын жана 2022 жылдын 1-августундагы №433 министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө жүргүзүлсүн.
16. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-май 2016-жылындагы № 241 Токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.
17. Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2024-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.
18. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинде болгон дебитордук карыздар жана 2024-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү (№7, №8, №9 тиркемелердин) негизинде бекитилсин.
19. Сүлүктү шаардык “Сүлүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасына жана шаардын эсалуу багына, шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу, куруучу-оңдоп түзөөчү, жана жүктөөчү үчүн 24 штаттык бирдик жана эмгек акысына дем берүү жагы каралсын (№10 тиркеменин) негизинде бекитилсин.
20. 2024-жылга Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгына байланыштуу 3 (үч) штаттык бирдик жергиликтүү бюджеттин эсебинен (№11 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
21. Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 276 Токтомунун негизинде республикалык каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу “калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул” төлөмдөрү шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлсүн.
22. Жергиликтүү мекеме ишканаларга демөөрчүлүк, гуманитардык жардам иретинде берилүүчү акча каражаттары ишкананын атайын эсеби аркылуу түшүрүү жагы каралсын жана аны көзөмөлдөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
23. Бюджеттик мекеме ишканалардын колдонулбай калган статьясынан керектүү (зарыл) статьяга жылдыруу 300,0 мин сомго чейин шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде каралсын.
24. Шаардын социалдык тармактарын оңдоп түздөө үчүн түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен берилүүчү түрткү берүүчү гранттарга 2024-жылга 15 пайыздан кем эмес эсебинде өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каралсын.
25. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Р.Жайнаков
Тиркеме №1
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылга бекитилген планы жана аткарылышы