Редакцияот 02.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXXI сессиясы

2024-жылдын 2-февралы № 150

 

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө

 

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө  маалыматты угуп  Сүлүктү шаардык кеӊешинин  “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө  маалыматы кабыл алынсын; 

2.    Сүлүктү шаардык мэриясы менен Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмү биргелешип, аталган мекеменин уюштуруу жана  фитосанитардык иштерин жакшыртуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлсүн;

3.    Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн ишмердүүлүгү боюнча көзөмөл тыкыр жүргүзүлсүн;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт”   боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага: Р.М. Жайнаков