Сүлүктү шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-январындагы №01-5/9 токтомунун редакциясына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXXI сессиясы
2024-жылдын 2-февралы № 155
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 21.11.2023ж. №01-12/3015 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби жөнүндө Жобосун бекитүүжана шаардык кеӊештин 05.04.2023-ж. №103 “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомун жокко чыгарууну сунуштаган каты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 39-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин; (Жобо тиркелет)
2. Сүлүктү шаардык кеӊешинин XXIV сессиясынын 05.04.2023ж. №103 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Р.М. Жайнаков
«Бекитемин”
Сүлүктү шаардык
кеңешинин төрагасы
________Р.М. Жайнаков
“____”____________2024-ж.
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби боюнча
ЖОБО
I – бөлүм. Жалпы жоболор.
II – бөлүм. Чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугу.
III – бөлүм. Муниципалдык кыймылсыз/кыймылдуу мүлктөрүн пайдаланууга, ижарага берүү жана сатуу тартиби.
IV – бөлүм. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн тартиби.
V – бөлүм. Кызматтык турак жайлар.
VI – бөлүм. Муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү.
VII – бөлүм. Тооруктарды уюштуруу жөнүндө.
VIII – бөлүм. Аукцион түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү.
IX – бөлүм. Конкурс түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү.
X – бөлүм. Муниципалдык мүлктү ижарага, пайдаланууга берүү боюнча түзүлгөн келишимдерди өзгөртүү, толуктоо жана жокко чыгаруу тартиби.
XI – бөлүм. Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу жана тескөө тартиби боюнча Жобосуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
I – бөлүм. Жалпы жоболор
1.1. Жобо – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын “Жер”, “Турак жай”, “Жарандык” Кодекстеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык аткарууга алынат.
1.2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык муниципалдык мүлккө же анын бир бөлүгүнө чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу укуктарын берүүчү, ижара, муниципалдык баланска алуу/чыгаруу, пайдаланууга өткөрүү боюнча тартибин белгилейт.
1.3. Бул Жобо нормалары төмөнкүлөргө жайылтылат:
- шаардын муниципалдык балансында турган кыймылдуу, кыймылсыз мүлккө;
- шаардын муниципалдык турак жай фондун түзгөн имараттарга;
- балансалык тиешелүүлүгү боюнча муниципалдык менчике өткөрүлүүчү, бүлүнүп бара жаткан курулмаларга, имараттарга;
- шаардын эс алуучу, сейилдөөчү жайларына, калктын маданий-рухий керектөөсүн канааттандыруучу жана тарыхий муниципалдык менчиктеги объекттерге;
- муниципалдык жалпы реестрде камтылган муниципалдык мүлккө;
- канализация системасына, калкты таза суу менен камсыз кылуу системасына (алардын атайын курулмаларына), муниципалдык жолдорго, шаар аймагындагы көпүрөлөргө, жол боюндагы жөө жүргүнчүлөр (тротуар) үчүн арналып бекитилген жер тилкелери, көчө бойлорундагы көрнөк-жарнактарды жайгаштыруучу атайын курулмаларга ж.б.
II– бөлүм. Чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу жана муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу укугу
- Муниципалдык менчикте болгон мүлк муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугу, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугу менен берилет. Чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу үчүн мүлк берилген муниципалдык мекемелер менен ишканалар бул мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Жобонун нормалары менен аныкталган чектерде шаар мэриясынын чечиминин негизинде ээлик кылышат, пайдаланышат жана тескөөгө алышат;
- Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугу менен берилген муниципалдык менчикте болгон мүлктү муниципалдык ишканалар тарабынан акы төлөнүүчү, ишкана бюджетине киреше алып келүүчү келишимдерди түзүп кызмат көрсөтүүсүнө уруксат берилет;
- Өз ишмердүүлүктөрүн үзгүлтүксүз алып баруусу үчүн муниципалдык ишканаларга муниципалдык мүлк болуп эсептелбеген имараттарды өз алдынча ижарага алуусуна уруксат берилет;
- Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугу менен берилген имараттарга, имарат жайланган территорияга кошумча курулуш иштерин жүргүзүү шаардык мэриянын макулдугу менен жүргүзүлөт;
- Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугу менен берилген кыймылдуу мүлктүн (чарбалык техника) кыймылдаткычтарын (двигатель/мотор) алмаштырууга шаардык мэриянын макулдугу менен уруксат берилет;
- Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугу менен берилген кыймылдуу мүлктү (кызматтык автоунаа, чарбалык техника) айырбаштоого, сатууга, күрөөгө коюга шаардык кеңештин уруксаты талап кылынат;
- Муниципалдык мүлк болуп саналган имараттарды жана курулмаларды авариялык/жараксыз деп таап муниципалдык мүлк реестринен чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августунда №518 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” 2023-жылдын 25-декабрында №358 буйругу менен кабыл алынган, Сүлүктү шаардык кеңеши тарабынан 2024-жылдын 2-февраль айында №154 токтому менен бекитилген Жобо жетекчилике алынат;
- Муниципалдык кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү башкарууда жана пайдаланууда шаар мэриясы муниципалдык мекеме/ишканалардан башка: физикалык, юридикалык жактарды “ыйгарым укуктуу орган” деп табуусуна жол берилбейт;