БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик айылдык кеңешинин 4 отуруму
29 созыв
2023-жылдын 1-июну № 36-п
Социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө коомдук келишимдин негизинде
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому менен бекитилген 2022-жылдын 15-июнундагы № 385 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” жобосун карап жана талкуулап чыгып Байтик айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байтик айыл өкмөтүнүн «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Байтик айыл өкмөтү:
- социалдык контракттын негизинде социалдык жардамы Жобосун ишке ашыруу үчүн каражаттарды табуу аракети жүргүзүлсүн;
- алуучулар тарабынан алынган акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча комиссия түзүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Осмоналиев |