| Мамлекеттик органдын/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: Системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин аталышы) | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
| Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана юридикалык экспертизадан өткөрүү | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда, макулдашууда кызыкчылыктардын кагылышуусу | | | АРИКЖжУК башкармалыгы; МЖУжДС башкармалыгы; КССМжФМЛ башкармалыгы; КС башкармалыгы | АРИКЖжУКБнын Башкы адиси; Башкармалыктардын начальниктери | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| Ведомстволук сыйлыктарды алууга мамлекеттик кызматкерлерин жана саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин сыйлоого документтерди даярдоо. | Белгилүү бир адамды сыйлыкка көрсөтүү боюнча мүмкүн болгон макулдашуу; Министрликтин системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктарга караштыруу жана көрсөтүү боюнча, кызматкерлерге карата сыйлыктарды колдонуунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чараларды сактабоо. | | | АРИКЖжУК башкармалыгы; Сыйлыктар боюнча комиссия | Кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн Башку адиси; Сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу (кабыл алуу, дайындоо, которуу, ротациялоо) | Белгилүү бир адамдын кызыкчылыгын көздөө мүмкүнчүлүгү | | | АРИКЖжУК башкармалыгы; МЖУжДС башкармалыгы; КССМжФКЛ башкармалыгы; КС башкармалыгы; СПжПИ башкармалыгы | Бөлүмдөрдүн начальниги; Кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| Мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана болжолдоону жүзөгө ашыруу; Кызматкерлерди конкурстан өтпөстөн ишке орноштуруу | Ведомстводо өз алдынча чечим кабыл алуу; Жумушка орношууда кызыкчылыктардын кагылышы. | | | ММКФонду; ДКжМБ департаменти; ОААжМСЭК департаменти; «Кыргызфармация» ишканасы | Төраганын орун басарлары; Директордун орун басарлары (саясий кызмат эмес) | Бул тобокелдик КР Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорунун сакталышын контролдоо жана мониторингдөө жана мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу | Жеткирүүчүнүн спецификациясына ылайыктап документтерди даярдоо; Жабык маалыматты үчүнчү жактарга берүү тобокелдиги; Жеткирүүчүнү тандоо критерийлеринде, келишимдин шарттары жеткирүүчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү үчүн аткарууга мүмкүн эместиги; Мыйзамда каралбаган кошумча талаптарды киргизүү; Табыштамаларды баалоодо жана дал келтирүүдө сатуучуларга карата негизсиз дискриминациялоо; Сатып алууларды жүзөгө ашырууда айрым жеткирүүчүлөр үчүн негизсиз артыкчылыктарды белгилөө; Келишимдин шарттарын негизсиз өзгөртүү, баш тартуу; Контракт түзүүнү кечеңдетүү | | | | Сатып алууларды уюштуруу секторунун бардык кызматкерлери | Бул тобокелдиктер мамлекеттик сатып алуу процесстерин уюштуруучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| Жеке медициналык жана фармацевттик ишке лицензия берүү | Жеке медициналык жана фармацевттик иш жүргүзүүгө лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуу; Арыз ээсинин чечимди даярдоо жана кабыл алуу процессинин катышуучулары менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгү бар; Чечим кабыл алууда маселени чечүүнү белгиленген мөөнөттөн (бюрократиядан) ашыкча негизсиз создуктуруу. | | | | Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо секторунун бардык кызматкерлери | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| Жогорку окуу жайларда медициналык билим берүү чөйрөсүндө тиешелүү лицензия алуу үчүн "6-форманы" берүү | Чечим кабыл алууда маселени белгиленген мөөнөттөн (бюрократиядан) ашыкча чечүүнү негизсиз создуктуруу. | | | | Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн бардык кызматкерлери | Бул тобокелдик Министрликтин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн |
| Гранттык / кредиттик долбоорлорду илгерилетүү | Долбоорду тандоодо белгилүү бир уюмдун кызыкчылыгын көздөө; белгилүү бир пайдалуу долбоорлор принцибин сактабоо. | | | | Башкармалыктын начальниги | Бул тобокелдик Министрликтин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн |
| Долбоор боюнча медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн техникалык тапшырманы даярдоо жана медициналык жабдууларды андан ары бөлүштүрүү | Айрым адамдардын кызыкчылыктарын көздөө Саламаттык сактоо уюмдарынын | | | | Башкармалыктын начальниги | Бул тобокелдик Министрликтин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн |