Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 3-ноябры  №57

                                                                     

 

Айыл аймагындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу үчүн карагай алуу жөнүндө

 

          Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айыл аймагындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу үчүн карагай алуу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз 40-сессиясы токтом кылат:

 

1.                  Кара-Суу айыл аймагындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу үчүн карагай алуу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.

2.                  Айыл аймагындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу үчүн карагай алуу боюнча керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

3.                  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

         

 

Төрага    

 

Р.Биримкулов