Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

 

2023-жылдын 3-ноябры  №59

                                                                     

 

Бермет апа атындагы бала бакчанын айлана тегерегин темир тосмо менен курчоо жөнүндө

 

 Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айыл аймагындагы Бермет апа атындагы бала бакчанын айлана тегерегин темир тосмо менен курчоо жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз 40-сессиясы токтом кылат:

 

1.                  Бермет апа атындагы бала бакчанын айлана тегерегин темир тосмо менен курчоо жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.

2.                  Бала бакчанын айлана тегерегин темир тосмо менен курчоо үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

3.                  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

         

 

Төрага     

 

Р.Биримкулов