КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры №61
Ички көчөлөрдү жарыктандыруу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айылдын ички М.Кыдыралиев көчөсүнө электр энергиясы менен жол чырактарын орнотуу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 40-сессиясы токтом кылат:
1. Айылдын ички М.Кыдыралиев көчөсүнө электр энергиясы менен жол чырактарын орнотуу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2. М.Кыдыралиев көчөсүнө электр энергиясы менен жол чырактарын орнотуу үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.Биримкулов |