КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры №62
М.Береналиев атындагы күрөш залынын чатырын оңдоп түзөө жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айыл аймагындагы М.Береналиев атындагы күрөш залынын чатырын оңдоп жабуу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 40-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы М.Береналиев атындагы күрөш залынын чатырын оңдоп жабуу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2. М.Береналиев атындагы күрөш залынын чатырын оңдоп жабуу үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.Биримкулов |