КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры № 63
Сарай курууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Эсеналиев Ынтымак Жаныбековичтин сарай салуу жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 40-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагына караштуу Түз-Ашуу жайлоосундагы күнгөй бетинде №4-чөйрө сызыгында жайгашкан кой мончонун ордуна сарай салууга 1000,0 чарчы метр жер участогу убактылуу бөлүнүп берилсин.
2. Жер участогун бөлүп берүү жана куруулучу сарайдын ордун чектеп берүү керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинини Талас райондук филиалына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.Биримкулов |