Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 3-ноябры № 65                                                                        

                                              Сарай курууга уруксат берүү жөнүндө

 

Кара-Суу айылынын тургуну Карабаев Бактыбек Сагынбековичтин сарай салуу жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 40-сессиясы токтом кылат: 

 

1.                  Кара-Суу айыл аймагына караштуу күңгөй бетинде №83-чөйрө сызыгында жайгашкан Кара Жылга коктусунун кире беришинин күн чыгыш тарабына сарай салууга  1000,0 чарчы метр жер участогу убактылуу бөлүнүп берилсин.

 

2. Жер участогун бөлүп берүү жана куруулучу сарайдын ордун чектеп берүү керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинини Талас райондук филиалына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

Төрага     

 

Р.Биримкулов