Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Авлетим айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 18-августу № 18/3

Авлетим айыл аймагындагы калктын менчик малдарын профилактикалык дарылоо боюнча ветеринардык кызматкерлердин кызмат акыларынын тарифтерин бекитип берүү жѳнүндѳ

Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдын 19-июлундагы №210 сандагы сунуш катынын жана айылдык Кеӊештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-августундагы протоколуна негиз сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Авлетим айыл аймагындагы калктын менчик малдарын профилактикалык дарылоо боюнча ветеринардык кызматкерлердин кызмат акыларынын тарифтери тѳмѳндѳгүдѳй болуп бекитилсин:

-Бодо малдардын бардык түрүнѳ, жашына карабай 1 баш үчүн:

-Ɵкмѳткѳ каттаткандарга – 40 сом

-Жашырган малдар үчүн- 80 сом

-Жылкылар үчүн жашына карабай – 100 сом

-Кой-эчкилер үчүн- 20 сом

-Тооктор үчүн -10 сом

-Иттер үчүн -100 сом

 

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеӊештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына( тѳрагасы Э.Эдилбеков) жүктѳлсүн.

 

3.Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

4.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.

 

Тѳрага:

Н.Абдыраманов.