Редакцияот 20.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Авлетим айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

2023-жылдын 20-декабры № 21/1

Авлетим айыл аймагына караштуу Коргон айылынын Кара Таш участкасындагы 5 га жерге кыш заводун курууга макулдук берүү жѳнүндѳ

Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн 12.12.1923-жылдагы №384 сандагы катына жана айылдык кеӊештин «Айыл чарбасы жана экология», «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 13.12.2023-жылдагы кошмо отурумунун №1 протоколуна негиз сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Авлетим айыл аймагына караштуу Коргон айылынын Кара Таш участкасындагы 5 га жерге кыш заводун курууга уруксат берилсин.

 

2.  Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеӊештин «Айыл чарбасы жана экология», «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча (Тѳрагалары:Э.Эдилбеков,Б.Нурматов) туруктуу комиссияларга жүктѳлсүн.

 

3.  Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

4.  Токтом мамлекеттик тилде жазылды.

 

Тѳрага:

Н.Абдыраманов.