КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры №71
Кара-Суу айылына волейбол, баскетбол ойноочу зал куруу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Кара-Суу айылына волейбол, баскетбол залын куруу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Суу айылына волейбол, баскетбол залын куруу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2. Кара-Суу айылына волейбол, баскетбол залын куруу үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.Биримкулов |