Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2024-жылдын 1-февралы №33/1

 

 

Мектеп окуучуларына кичи автобус сатып алууга каражат кароо жөнүндө                                   

       Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы

                                                          Токтом кылат:

1.    Мектеп окуучуларына кичи автобус сатып алууга Көтөрмө айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 1-январь 2024-жылга карата  калган акча каражатынан  1 412 000 (бир миллион төрт жүз он эки миң) сом бөлүнүп берилсин.

2.    Сатып алынган кичи автобус айыл өкмөттүн балансына катталып, мектеп окуучуларын мектепке ташуу максатында иштетилсин.

3.    Кичи автобус сатып алуулар боюнча жарыяга берип, иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине тапшырылсын.

4.     Тиешелүү каражатты бөлуп берүү жагы ФЭБ нүн башчысы У. Мадумаровго милдеттендирилсин.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага     

 

А.Бактыбаев