А.ДУЙШЕЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
А.Дуйшеев айылдык кенешинин XXVIII-чакырылышынын 10-сессиясы
2023-жылдын 12-октябры № 25/X-28
А.Дуйшеев айыл аймагынын чек арасында жайгашкан жалпы аянты 0,56 га жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер»- жайыт жер категориясынан «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоо)- технологиялык жол куруу үчүн макулдук берүү боюнча А.Дүйшеев айылдык кенеш:
ТОКТОМ КЫЛАТ
А.Дуйшеев айылдык кенеши тѳмѳнкү жерлердин багытын
1. А.Дуйшеев айыл аймагынын чек арасында жайгашкан жалпы аянты 0,56 га жайыт жерин контурдун инвентаризациялык номери №1133/0,34 (жайыт жер); 1132/0,22 (жайыт жер) «Айыл чарба багытындагы жерлер» жайыт жер категориясынан «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоо) – технологиялык жол куруу үчүн макулдук берет.
2.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл ѳкмѳт башчы А.Ш.Кенжебаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кенештин төрагасы: Карымшаков С.Д