Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XXVI сессиясы

 

2023-жылдын 29-сентябры № 156

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө

  

    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча мындан андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу", Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө", Биринчи май айылдык кеңешинин сесиясы,-

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

  1. Биринчи Май жана Беловодск айыл аймактарын бириктирүүгө макулдук берилсин.
  1. Биринчи Май жана Беловодск айыл аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушунун негизинде “Чоӊ-Ак-Суу айыл аймагы” деген жаӊы аталыш берилсин.
  1. Ак-Суу айылынын аталышы ошол бойдон калсын.
  1. Ушул токтом Биринчи Май айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

 Төрага

Н.И. Акматалиев