Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2023-жылдын 17-июлундагы № 35
Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 05 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, жана Бюджеттик Кодексине ылайык, 2023-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен, Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 05 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө шаар мэри С.Т.Кылдановдун 11.07.2023-жылдагы 01-17/695 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 13.07.2023-жылдагы жыйналышында каралып, сессияга сунушталган.
Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун, башка чыгып сүйлөгөн депуттатардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, токтом кылат:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 05 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. 2023-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен:
- пландан ашыкча чогулган акча каражаты -6500,0 миң сом;
- таштанды ташып чыгаруучу техниканы артка кайтарып берүүдөн алынган каражат- 2479,9 мин сом;
- мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн 745,0 миң сом, жалпы 14 719,9 миң сом ушул токтомдун тиркемесинин 1-таблицасына ылайык бекитилсин.
3. 14 719,9 миң сом акча каражаты 2-таблицага ылайык чыгымдалсын.
4. Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановго жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т.Борбугулов |
|
| Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 17.07.2023-жылдагы кезектеги ХV сессиясынын № 35 токтому менен бекитилди |
Таблица 1
2023-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен, пландан ашыкча түшкөн, мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен 13.02.2023-жылдагы № 05 токтомунун 5-тиркемесинен үнөмдөлгөн, айрым иштерди кыскартуулардан алынган акча каржаттарынын ачыктамасы
| Мазмуну | Сумма (миң сом) | |
1 | 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн каражаттар | 6500,0 | |
2 | Таштанды ташып чыгаруучу техниканы артка кайтаруудан түшкөн каражат | 2479,9 | |
Мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча кражатттар | |||
3 | “60-пунктунан” - Токтогул атындагы орто мектебине кемеге салуудан | 201,0 | |
4 | “41-пунктунан” - Момункулов, Бекташов,Шарипов көчөлөрүн асфальттодон | 85,4 | |
5 | “72- пунктунан” - Достук балдар бакчасынын терезелерин алмаштыруудан | 11,5 | |
6 | “8-пунктунан” - Мэриянын аппараты (күйүүчү майлоочу майлардан) | 34,7 | |
7 | “8-пунктунан” Шаардык кеңеш аппараты (күйүүчү майлоочу майлардан) | 20,3 | |
8 | “19-пунктунан”- Аппараттын (мэрия, кеңеш) компьютерлерин оң абалда кармоого каралган каражаттан | 16,9 | |
9 | “23-пунктунан” - Тех көзөмдөлдөөчү/сметчикке каралган акча каражатынан | 200,0 | |
10 | “18-пунктунан” - Мэриянын аппаратына канцелляриялык жана чарбалык товарларга каралган каражаттардан | 29,2 | |
11 | “45-пунктунан” - Шатер сатып алуудан | 1,5 | |
12 | “27-пунктунан” -Генератор 5 кв сатып алуудан | 8,2 | |
13 | “20-пунктунан” -8-март аялдар күнүн өткөрүүдөн | 3,0 | |
14 | “20-пунктунан”-Энелер күнүнө карата каралган каражаттан | 5,3 | |
15 | “58-пунктунан”-Бөкөнбаев мектебине каралган каражаттардан | 18,9 | |
16 | “63-пунктунан”- Ормонбеков мектеп-лицейине каралган каражаттардан | 5,9 | |
17 | “66-пунктунан”- Турдумамбетов мектебине каралган каражаттардан | 8,3 | |
18 | “70-пунктунан”- Арча-Бешик б/бакчасынан үнөмдөлгөн сумма | 15,3 | |
19 | “73-пунктунан” -Достук б/бакчасынан үнөмдөлгөн сумма | 14,4 | |
20 | “74-пунктунан”-Байчечекей б/бакчасынан үнөмдөлгөн сумма | 13,7 | |
21 | “78-пунктунан”-Наристе б/бакчасынан үнөмдөлгөн сумма | 51,5 | |
| Жалпы; | 745,0 | |
| Бардыгы: | 9724,9 | |
| |||
Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 05 токтомунун 5-тиркемесинен кыскартылган каражаттар | |||
22 | “42-пункту”-Коргол көчөсүнөн 280 метр жолду асфальттоого каралган каражат | 3000,0 | |
23 | “56-пункту” -"Суу канал" ишканасына - суу башын куралчан кайтарууга каралган каражат | 420,0 | |
24 | “21-пунктунан” Кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси (сууга, таштанды ташып чыгарууга 50% жеңилдикке каралган каражаттан | 100,0 | |
25 | “49-пункту” - Коопсуз шаар алкагында видео көзөмө орнотуу | 1000,0 | |
26 | “23-пунктунан” менен сметчикке каралган сумма | 200,0 | |
27 | “46-пункту” Стул борбордук аянтка иш чара өткөрүү мезгилине 50-даана 1700 сом | 85,0 | |
28 | “87-пунктунан” Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине каралган каражаттан | 100,0 | |
29 | “86-пунктунан” Токтогул футбол клубуна каралган каражаттан | 90,0 | |
| Бардыгы: | 4995,0 | |
Жалпы: 14 719,9 | |||