ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезекcиз XXХVII- сессиясы
2024-жылдын 05-февралы № 4
“Административдик аймакты реформалоо жөнүндө” №29 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ак-Суу районунун прокуратурасынан 01.02.2024-жылдын № 30/24 чыгыш номерлүү Каршылык билдирүү катынын негизинде, 2023-жылдын 21- декабрындагы №29 сандуу токтомун жокко чыгаруу боюнча Чельпек айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары карап чыгып талкуулап, токтом кылат:
1.Чельпек айылдык Кеңешинин 21.12.2023-жылындагы “Административдик аймакты реформалоо жөнүндө” №29 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага Б.Омуркулов