Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XXVI сессиясы

 

2023-жылдын 29-сентябры № 158

Республикалык бюджеттин

келип түшкөн максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү жөнүндө

 

 

      Республикалык бюджеттен стимулдаштырууга  багытталган максаттуу трансферттердин келип түшүүсү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

 

1. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерден түшкөн акча каражаттары - 438,8 миң сом суммасында бөлүштүрүлсүн.

 

2. АРИСтин долбоору боюнча кошо каржылоого - 360,0 миң сом зарыл чыгаша статьяларына:

- Бөлүм 70921 - Орто мектептер:

- 31112320-статьясы  - 360,0 миң сом. (мекемелердин имараттарын капиталдык оңдоо);

- Бөлүм 70624 - Коммуналдык ишканалар комбинаттары:

- 25121100-статьясы -78,8 миң сом. (финансылык жана мамлекеттик субсидиялар ишканалар);

Бардыгы: 438,8 миң сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

Н.И. Акматалиев