Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XXVI сессиясы

 

2023-жылдын 29-сентябры № 159

Жерлерди сатуудан жана ижарага алуудан

түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

              Биринчи Май айыл өкмөтүнүн жерлерин сатуудан жана ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттарынын түшүүсү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1.    Акча каражаттары бюджет боюнча 8075,0 миң сом суммасында бөлүштүрүлсүн:

Бөлүм -70629 Турак жай-коммуналдык чарба:

-31113290-статьясына -7200,0 миң сом. (көчөлөрдүн жолдорун асфальттоо Советская - 350 м.; Кузнецов - 450 м.; К. Маркс – 350 м.; Логвиненко - 500 м., Косыгина – 450 м.);

-22154900-статьясына - 200,0 миң сом. (документтерди мамлекеттик реестрде катоо, архитектура);

Бардыгы -7400,0 миң сом.

Бөлүм -70624 Коммуналдык ишканалар комбинаттары:

25121100-статьясына - 675,0 миң сом. (финансылык жана мамлекеттик ишканаларга субсидиялар);

Бардыгы: - 8075,0 миң сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

 Төрага

Н.И. Акматалиев