Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ОРО   АЙЫЛДЫК  АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-августундагы № 3

   

 

Оро айыл  өкмөтүнө берилген  комбайндын элге кызмат  көрсөтүү акысын

                                                бекитүү жөнүндө

 

 

     Оро айылдык  кеңешинин  11-чакырылышынын  кезектеги 21-сессиясы, айыл  өкмөтүнүн башчысы  Дж.Айтпаевдин  Талас Өнүктүрүү  Фонду  аркылуу айыл өкмөтүнө  берилген  комбайндын дан  эгиндерин  чабууда элге  көрсөтүүчү  кызмат акысынын  баасы  тууралуу сунушун   талкуулап, тактап

 

 

                                          Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

 

1.            Оро айыл  өкмөтүнө Талас  өнүктүрүү Фонду  аркылуу  айыл өкмөтүнө берилген  комбайндын  дан эгиндерин  чабууда  элге көрсөтүүчү  кызмат  акысынын баасы  2023-жылдын  сезондуу иштеринде гектарына  2000(эки миң)  сом акча  жана 30(отуз)  литр  солярка болуп  бекитилсин.

 

2. Бекитилген  2000(эки  миң) сом  каражаттын  25% айыл  өкмөтүнүн бюджетине  төгүлсүн жана  калган  75% комбайндын  оңдоо  иштерине тетиктерин алууга  жана   Бектурган уулу  Амангелдинин  эмгек акысына  жумшалсын.

 

3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Б.Мотуев