Редакцияот 19.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 19-августу № 63/XVI-28

Жер участогун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

          Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 15-августундагы

№ 03-53/828 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесине ылайык, Сары-Жон айылында балдардын ден соолугун чыңдоо жана активдүү эс алууну уюштуруу максатында,

Ново-Покровка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Сары-Жон айылы, Сары-Жон көчөсү, №53 контурда жайгашкан жалпы аянты 4000 ч.м. жер тилкесин ойноочу, спорттук балдар аянтчасына бекитүүгө макулдук берилсин.

 

2.Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясын жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун белгиленген мыйзамдуу тартипте муниципалдык менчикке бекитип берүүсү суралсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер суроолору боюнча башкы адиси Э.У.Урматбековго жүктөлсүн.

Ново-Покровка

айылдык кеңештин

төрагасы

 

 

Ш.И.Турдиев