Редакцияот 02.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

2023-жылдын 2-майындагы № 4

 

Социалдык объектилерге бөлүнгөн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы социалдык объект курууга калтырылган жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №232 чөйрө сызыгындагы 0,50га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, калктуу конуш жер категориясына “бала бакча” куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.

 

2. Жер тилкесин трансформациялоо жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Б.Токонов