Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 12-майындагы № 75/XXI-28

 

            

Кеңеш айылындагы кичи футбол аянтчасынын жасалма каптоосун каржылоого кредиттик чегерүүлөрдү которуу жөнүндө

 

Кочкорбаев айылдык Кеңешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.С.Койучукеевдин Кеңеш айылындагы кичи футбол аянтчасынын жасалма каптоосун каржылоого кредиттик чегерүүлөрдү которуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,

Кочкорбаев айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1000,0 (бир миллион) сом “70629” турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн “Административдик имараттын курулушу” 3111-беренесинен Кеңеш айылындагы кичи футбол аянтчасынын жасалма каптоосун каржылоого которулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

 Э. Токбергенов