КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XХXIX - сессиясы
2024-жылдын 2-февралы № 171
КР эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жала-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кадамжай шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январынан тарта 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчету жана жазма буйругу жөнундө
Кадамжай шаардык кеёеши Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жала-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кадамжай шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январынан тарта 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча мэрия жана мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти, “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан бир топ каржы жана башка бузууларга жол берилгендигин талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кадамжай мэриясы тарабынан бир айлык мөөнөт ичинде аудиттик текшерүүдө көрсөтүлгөн кемчиликтер жоюлсун.
2. Каржы жана башка бузууларга жол берген жооптуу кызматкерлерге чара колдонуу жагы Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кадамжай шаардык
кеңешинин төрагасы А.Абдыразаков