Редакцияот 02.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XХXIX - сессиясы

2024-жылдын 2-февралы № 172

Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январына карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө

 

 

Кадамжай шаардык кенеши шаардык мэриянын кайрылуусун, кеңештин каржы бюджет жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январына карата калдыгы төмөнкүчө бөлүнсүн:

 2024-жылдын 1-январына карата калдык болгон жалпысынан                          24 582,8 сомдун: – 23 637,6 сом кредитордук карыздар учүн 4 612,0 сом жана 2023-жылдын аягында тендерлер өтүп келишим түзүлүп 2024-жылга өткөн суммалар 6 923,5 сом, калган 12 102,1 сом калдык болгон акча каражаттар төмөнкү статьяларына болүнсун:

Аппаратка

-       11,1 сом калдык 2211 статьясына

-       32,0 сом калдык 2214 статьясына

-       1378,4 сом калдык 2215 статьясына

-       32,5 сом калдык 2824 статьясына

 

Субсидия

-       2000,0 сом калдык 2512 статьясына

-       2000,0 сом калдык 2215 статьясына

-       200,0 сом калдык 2222 статьясына

-       17735,1 сом калдык 3111 статьясына

-       248,5 сом калдык 3113 статьясына.

  1. Атайын каражаттар эсебиндеги калдык болгон  945,2 сом, анын ичинен 753,2 сом элдерден түшкөн акча каражат жана социалдык өнүгүү тарабынан 192,0 сом ушул акча каражат жалпысынан  945,2 сомду түзөт, калдык болгон акча каражаттар төмөнкү статьяларына болүнсүн:

-       753,2 сом калдык 3111 курулмалар статьясына

-       192,0 сом калдык 3111 курулмалар статьясына.  

  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

           

         

         

 

Кадамжай  шаардык

кеңешинин төрагасы                                          А.Абдыразаков