КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 12-майындагы № 76/XXI-28
Ысык-Ата жана Чүй өнүктүктүрүү фонддорунда өткөн долбоорлорго кошумча төлөө жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Дж.Усуповдун Ысык-Ата жана Чүй өнүктүктүрүү фонддоруна кошумча төлөөгө акча каражат бөлүү зарылчылыгы жөнүндө жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ысык-Ата жана Чүй өнүктүктүрүү фонддорунан өткөн долбоорлордун суммасынан 20% кем эмес Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинен төмөндөгүдөй каралсын:
- Буденовка айылында жайгашкан “Нур Наристе” бала бакчасынын чатырын капиталдык ремонт жүргүзүү иштерине 763050 (жети жүз алтымыш үч миң элүү) сом;
- Буденовка айылында жайгашкан “Нур Наристе” бала бакчасынын ашканасын жана кир жуучу жайын капиталдык ремонт жүргүзүү иштерине 214170 (эки жүз он төрт миң жүз жетимиш) сом;
- Буденовка айылында жайгашкан “Нур Наристе” бала бакчасынын үч группасын капиталдык ремонт жүргүзүү иштерине 1440223 (бир миллион төрт жүз кырк миң эки жүз жыйырма үч) сом;
- Буденовка орто мектебинин 3-кабатын капиталдык ремонт жүргүзүү иштерине 758310 (жети жүз элүү сегиз миң үч жүз он) сом.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| Э. Токбергенов |