Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна)
Мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик казыналык облигацияларды (мындан ары - МКО) чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартибин жөнгө салат.
2. МКО чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө маселелерин жөнгө салуучу жобо менен аныкталат.
3. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн МКО чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
4. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо суммасынын минималдуу чеги 3000000 (үч миллион) сом өлчөмүндө белгиленет.
2-глава. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалыматтарды чогултуу
5. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери бар мамлекеттик орган ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген минималдуу чектин өлчөмүнөн суммасы ашкан курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери жөнүндө, анын ичинде ушул мамлекеттик органдын карамагында турган ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр боюнча маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.
6. Маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоонун зарыл болгон суммасы белгиленет.
7. Мамлекеттик орган курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө маселени МКО чыгаруу аркылуу подрядчылар менен макулдашат жана макулдашууга жетишкенде МКО чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө подрядчыларга жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.
8. МКО чыгаруу аркылуу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоого подрядчы жазуу жүзүндөгү макулдук берген учурда мамлекеттик орган ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча подрядчылардын реестрин (мындан ары - реестр) түзөт.
9. Мамлекеттик орган подрядчылардын реестрин ырастоочу документтерди милдеттүү түрдө тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - Финансы министрлиги) берет.
10. Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо зарылдыгы жөнүндө ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) МКО чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүүгө подрядчынын жазуу жүзүндөгү макулдугунун көчүрмөсү;
2) товарларды берүүгө (жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө түзүлгөн келишимдин жана/же милдеттенменин пайда болушуна негиз болгон башка документтин көчүрмөсү.
11. Мамлекеттик органдын жетекчиси ушул Жобонун 9, 10-пункттарында көрсөтүлгөн курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери боюнча берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Финансы министрлиги ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн бардык ырастоочу документтер болгон учурда реестрди аткарууга кабыл алат жана буйрук менен бекитет.
13. Финансы министрлиги бекитилген реестрдин жана ушул Жобонун 9, 10-пунктунда көрсөтүлгөн ырастоочу документтердин негизинде белгиленген тартипте:
1) МКО чыгаруу аркылуу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объектин каржылоо жөнүндө подрядчы жана мамлекеттик орган менен макулдашууга кол коёт;
2) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча подрядчы менен карыздык макулдашууга кол коёт;
3) МКОнун эмиссиясын жүргүзөт.
14. Финансы министрлиги МКО чыгаруу жана жайгаштыруу башталганга чейин мамлекеттик баалуу кагаздарга суроо-талапты иликтөө жолу менен талдоо жүргүзүүгө укуктуу.
15. Мамлекеттик орган МКО эмиссиясын жүргүзгөндөн кийин макулдашууда көрсөтүлгөн суммага МКО чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө кол коюлган макулдашуунун негизинде төмөнкүдөй бухгалтердик жазууларды жүргүзөт:
Дебет 32 174 300 "Аванс менен төлөнгөн негизги фонддор";
Кредит 41 111 100 "Финансылык натыйжа".
16. Мамлекеттик органдын бухгалтердик кызматы ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык реестрге киргизилген ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн 15-пункттун аткарылышын контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
17. Финансы министрлиги ушул Жобонун 13-пунктунун негизинде МКО боюнча карызды карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн суммага көбөйтүүнү төмөнкү бухгалтердик жазуу аркылуу жүргүзөт:
Дебет 41 111 100 "Финансылык натыйжа";
Кредит 33 000 000 "Баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин тиешелүү эсеби".