Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна)
Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө тартибин жөнгө салат.
2. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө үчүн казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
3. Казыналык милдеттенмелер түрүндө төлөнүүгө тийиш болгон кредитордук карыздардын суммасынын минималдуу чеги 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленет.
4. Ушул Жобо атайын эсептердин каражаттары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кошпогондо, бюджеттик каражаттар бөлүгүндө гана мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө маселелерин жөнгө салат жана республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана мекемелер кредиторлору болгон мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарына карата колдонулбайт.
2-глава. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздары жөнүндө маалыматтарды чогултуу
5. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында кредитордук карыздары бар мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик орган) ушул Жобонун 3-пунктунда белгиленген минималдуу чектин өлчөмүнөн ашкан кредитордук карыздар жөнүндө, анын ичинде бул мамлекеттик органдын карамагында турган ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр боюнча маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.
6. Маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун натыйжалары боюнча кредиторлор боюнча кредитордук карыздын көлөмү, кредитордук карыздын суммасы жана негиздүүлүгү белгиленет.
7. Мамлекеттик орган кредиторлор менен карыздарды жөнгө салуу жөнүндө маселени казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен макулдашат жана макулдашууга жетишкенде казыналык милдеттенмелерди чыгаруу аркылуу карыздарды которуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - карыздарды которуу жөнүндө макулдашуу) түзүү тууралуу кредиторлорго жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
8. Карыздарды которуу жөнүндө макулдашууну түзүүгө кредитордун жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда мамлекеттик орган ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча реестр (мындан ары - реестр) түзөт жана буйрук менен бекитет.
9. Мамлекеттик орган ырастоочу документтерди милдеттүү түрдө тиркөө менен реестрди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - Финансы министрлиги) берет.
10. Кредитордук карыздардын келип чыгышы жөнүндө ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарларды берүүгө (жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө) түзүлгөн келишимдин жана/же милдеттенменин пайда болушуна негиз болгон башка документтин көчүрмөсү;
2) кредитор менен салыштыруу актыларынын көчүрмөлөрү;
3) талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө кредитордун жазуу жүзүндөгү макулдугунун көчүрмөсү.
11. Мамлекеттик органдын жетекчиси ушул Жобонун 9, 10-пункттарында көрсөтүлгөн кредитордук карыздын болушуна жана берилген маалыматтын тактыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Финансы министрлиги ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн бардык ырастоочу документтер болгон учурда реестрди аткарууга кабыл алат жана буйрук менен бекитет.
13. Финансы министрлиги бекитилген реестрдин жана ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн ырастоочу документтердин негизинде белгиленген тартипте:
1) кредитор жана мамлекеттик орган менен карыздарды которуу жөнүндө макулдашууга кол коёт;
2) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча номиналдык наркы боюнча казыналык милдеттенмелерди милдеттүү түрдө сатып алуунун шарттарын көрсөтүү менен кредитор менен карыздык макулдашууга кол коёт;
3) казыналык милдеттенмелердин эмиссиясын жүргүзөт.
14. Мамлекеттик орган карыздарды которуу жөнүндө кол коюлган макулдашуунун негизинде кредитордук карыздарды төмөнкү бухгалтердик жазуу аркылуу макулдашууда көрсөтүлгөн суммага азайтат:
Дебет 33 000 000 "Милдеттенмелердин тиешелүү эсеби";
Кредит 41 111 100 "Финансылык натыйжа".
15. Мамлекеттик органдын бухгалтердик кызматы ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык реестрге киргизилген ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан 14-пункттун аткарылышын контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
16. Финансы министрлиги ушул Жобонун 13-пунктунун негизинде казыналык милдеттенмелер боюнча карызды карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн суммага көбөйтүүнү төмөнкү бухгалтердик жазуу аркылуу жүргүзөт:
Дебет 41 111 100 "Финансылык натыйжа";
Кредит 33 000 000 "Баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин тиешелүү эсеби".