Редакцияот 13.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 13-декабры № 1

КР Финансы Министрлигинин алдындагы ФКФнын катында көрсөтүлгөн карызды төлөө жөнүндө

Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Атай айыл аймагы 2000-жылдын 31-мартындагы №46 келишимдин негизинде Гос.Мат.Резервден алган 324000 сомдук кредиттин кайтарылбай калган 7740 сому айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2215 беренесинен которулуп берилсин.

2. Акча каражатын тиешелүү өкүлчүлүккө бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Ташматовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевге тапшырылсын.

 

Атай айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары :

 

К.М.Манапбаева