КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-июлундагы № 86/XXI-28
Жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С. Т. Талайбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле жаран А. М. Осмонованын №510 контурундагы, жалпы аянты 6137,34 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө арызын карап чыгып, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жеке турак жай куруу үчүн №510 контурундагы, жалпы аянты 6137,34 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүүгө уруксат берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| Э. Токбергенов |